www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын директору мезгилсиз дүйнөдөн кайтып, анын ордуна бир канча убактан бери кызмат талаш болуп келет. Сен ал партиядан, тиги бул партиядан, бул менин жердешим, анын акчасы көп болуп отуруп, айласы куруган министр сынак жарыялап кутулду окшойт.

Өз алдынча дайындатпаганы аз келгенсип, министрликте иштегендер да сынакка катышып алганы кантет? Сынакка жалпы сегиздей адам катталып, аталган оорукананын өз жамаатынан эки талапкер катышууда. Тактап айтканда жамааттын ичинде эмгеги сиңген талапкерлер сунушталган.

Бирок, чечүүчү комиссия Саламаттыкты сактоо министрлигинде болгондуктан, министрликте иштеген адам директор болуп келиши мүмкүн деген кыбыр кептер жүрүүдө. Бизге жеткен маалыматтар боюнча ал министрликте иштегендин баары таанышы экен. Ал эми оорукананын жамааты өздөрүнөн чыккан эки талапкердин бири башчы болуп келишин талап кылып бир канча жерге кат жолдогон. Кантсе да, ыраматылык киши, мурунку директор Абдисамин Анарбаевичтин ишин улап кеткен адам келсе жакшы болмок. Убагында республикадагы балдар ооруканаларынын эң алдыңкы сабына чыгарып койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости