www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таанышынын бутуна ок аткан депутат кармалды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты ээнбаштык беренеси боюнча шектелип убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул туурасында Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, шаардык кеңештин депутаты Т.Т. өз эрки менен "МР-79-9" үлгүсүндөгү тапанчасын огу менен укук коргоочуларга тапшырды.

"7-августта саат 06:55 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Ак-Ордо конушундагы турак үйлөрдүн биринде К.А. аттуу жарандын бутуна ок тийгени кабарланган. Жабырлануучу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна "Тез жардам" кызматы менен жеткирилген.

Жабырлануучу К.А`нын жубайынын айтымында, жолдошу менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты телефон аркылуу уруша кетишкен. Көп өтпөй эле депутат Т.Т. ак түстөгү унаасы менен К.А.нын үйүнө келген. 10 мүнөттөн кийин ок атылган үндү угуп, сыртка чуркап чыкканда жолдошу жаракат алган абалда жерде жатканын көргөн. Бул арада Т.Т. унаасына отуруп, жогорку ылдамдыкта белгисиз тарапка кетип калган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене ("ээнбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө иштери улантылууда", - дешти мекемеден.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости