www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 7-августта таңкы саат 3төр чамасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычевди Бишкек шаардык кеңешинин депутат Таалай Темиркулов атып кеткен.
Белгилей кетсек, азыркы учурда Алга Кылычев шаардык ооруканалардын биринде экени аныкталды. Алга Кылычев NazarNews маалымат агенттигинин кабарчысына кулап кетип, бутунан жаракат алганын айткан.
--“Бул, менин жеке жашоом. Силерге эч кандай маалымат бере албаймын, сүрөткө тартып алсаңар сотко беремин” – деди Алга Кылычев.
Буга чейин чейин интернет айдыңында Алга Кылычев менен белгисиз жарандын жаңжалдашып жаткан видеосу тараган.
7-августта болжол менен таңкы саат 06.58 чамасында Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө 103 кызматынан чакыруу келип түшкөн. Билдирүүдө Бишкек шаарыннын Ак-0рдо жаңы конушунда Алга Кылычов аттуу жаранга бутуна ок атылып, жаракат алганы айтылган.
Аталган факт боюнча Ленин РИИБнин ыкчам тобу аталган дарек боюнча барганда, жабырлануучу тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилип, андан көрсөтмө алууга мүмкүнчүлүк болбой калган.
6-августта Салкын-Төр кафесинде Социал Демократтар партиясынын өкүлдөрү Бишкек шаардык кеңешине өткөндүгүн белгилеш үчүн барышкан.
Айрым маалымат булактарына таянсак, ал жака келген артисттер үчүн Алга Кылычев жооптуу болгон. Тойдон кийин артисттерге эмгек акы төлөнбөгөндүктөн чыр чыккан.
Телефондогу сүйлөшүүлөрдөн такталган маалымат боюнча болжол менен Темирлан Султанбеков менен Таалай Усубалиев Ак-Өргө конушуна Алга Кылычевдин үйүнө барышкан. Ал жакта жаңжал мушташка айланып, ок атылган.
Аталган факт боюнча Ленин РИИБи атайын териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.
Булак: NazarNews.kg