www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин (минкаб) төрагасы Улукбек Марипов Facebook баракчасына Ысык-Көлдө белгисиз адамдар уурдап кеткени айтылып жаткан журналист Улукбек Карыбек уулу менен жолугуп, сүйлөшүүгө даяр экенин жазды.

Минкаб башчысы баракчасында Ысык-Көл облусунда иш сапарында жүргөн учурунда эл менен жолугуп жатып бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк берилгенин, "өз кишилерди" алдын ала чогултуу ыкмалары эскиргенин, ал ыкмаларга терс көз карашта экенин билдирген.

Улукбек Марипов журналист Улукбек Карыбек уулу айткан окуянын себептерин тактоо үчүн тийиштүү укук коргоо органдарына тапшырма бергенин, журналист менен жеке отуруп, сүйлөшүүгө даяр экенин белгилеген.

Журналист Улукбек Карыбек уулу социалдык тармактардагы баракчасына минкаб төрагасы Улукбек Мариповдун Ысык-Көлгө сапары учурунда ага суроо берүүнү көздөгөнү үчүн күч кызматкерлеринин кысымына кабылганын, белгисиз беткапчан үч адам аны уурдап бара жаткан жеринен качып кутулганын жарыялаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 6-августта Ысык-Көл облусун кыдырды. Ал селден жабыркаган аймактарда болуп, жергиликтүү эл менен жолугушту. Алардын арыз-даттанууларын укту. Бардык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Марипов мындан тышкары Чолпон-Ата шаарындагы тазалоочу курулмалардын абалы, бир катар ишканалардын жана Каракол шаарындагы зоопарктын иши менен таанышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости