www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Атамбаев куруп кеткен саясий пирамида кулаар алдында турат»

— КСДПнын курултайы көптөн бери чакырылбай жатып, өттү, кандай таасир калтырды?

— Экс-президент А. Атамбаев мөөнөтү бүтүп жатып, мен өзүм менен бүт эскилерди ала кетем, өзүм кайра саясатка кайтып келем, тигилер биротоло жоголот дегендей айтты эле. Курултайдын өткөрүлүшүнүн эң негизги себеби да Атамбаевдин кайра чоң саясатка келүүсү менен байланыштырылып келген. Бирок, бактыга жараша курултай коомчулукка чоң таасир калтыра алган жок. Курултайга келген делегаттарды араң чогултушкандары көрүнүп турду. Аларды мейманканага жайгаштырып, ошол жерде эле курултай өткөрүштү. Мурдагыдай Филармонияга же дагы башка бир чоң имаратка өткөзүшүп, аны ОТРК жана башка каналдардан 7 күндөп көрсөтүү болгон жок. Курултай КСДПнын өзүндө ич ара тил келишпестиктер болуп жатканын көрсөттү. Адеп эле 4 делегатты анын ишине киргизбей койгондугу айтылды. Курултайда Ф. Ниязов, А. Атамбаев гана сүйлөгөнү белгилүү болду. Экс-президент адатынча баарын сынга алып, президент С. Жээнбековду да мени укпай жатат, туура эмес баратат дегендей сындарды айта баштаганда, зал нааразычылыктарды билдирип, 15 делегат протест кылып чыгып кеткен. Бирок, эң коркунучтуусу, курултай мурда айтылып жүргөн – экс-президент эч кызматка келбей эле үйүндө жатып алып өлкөнү башкарууну көздөп жатат деген кооптонуулардын кайсы бир деңгээлде чындыгы бар экенин көрсөтүп койду. Бул мен Жээнбековго айтып жатам, ал укпай жатат, Премьер-министр С. Исаковго Р. Матраимовду кызматтан ал деп мен айттым деген билдирүүлөр айгинелеп турат. Б. а. бул көрүнүш бүгүн өлкө жана мамлекеттик кызмат өтө кооптуу абалда экендигин көрсөтүп жатат. Бул, бүгүн мамлекеттик кызмат ага эч тиешеси жок эле бирөө үйүндө олтуруп алып эле, премьер-министрге акыл айтып, мындай кыл, андай кыл, тигини кызматтан ал деп башкара бере турган деңгээлде экендигин көрсөттү. Эң коркунучтуусу, ага премьер-министрдин каршылык көрсөтө албастыгы аз келгенсип, УМКК, Генпрокуратура да эч нерсе кыла албастыгы, колу-буттары байланып, шал экендиктери белгилүү болду.

— Экс-президент Атамбаев курултайда премьер-министр С. Исаковду өтө катуу коргоого алды. Бирок, ошол эле учурда анын иштей албай жатканын да мойнуна алды. Ал жаштык кылып, ката кетирип жатат, бир жылдан кийин бышат, ошондо жигердүү иштей баштайт деди. Анчалык эмнеге жан үрөп коргоду?

— Курултайда көп нерселердин сыры ачылып калды. Буга чейин айтылып келген прогноздор туура чыкты. Курултайды өткөрүүнүн эң негизги себеби, ТЭЦтеги авария экендиги ачык көрүнүп калды. Экс-президент өз сөзүндө ТЭЦти менден көрүшпөсүн деп да айтып алды. Анан С. Исаковдун да күнөөсү жок экенин айтып коргоого алды. Б.а. ТЭЦ эски бийликтин коррупциялык аракеттерин ачыкка чыгарып салып, эми булар жалпы биригип туруштук кылыш керек болуп жаткандай картинаны сүрөттөдү. Ошондуктан, экс-президент баарын С. Жээнбековго түртө салууга да аракет кылды. Бирок, депутаттык комиссиянын иликтөөлөрүндө экс-министр Артыкбаев баардыгы 2012–2013-жылдары чечилип, иш жүрүп жатканын билдирип, иштин баары С. Жээнбеков премьер-министр болгончо эле чечилип калгандыгын тактап берди. Экс-президент өлкө башчысы С. Жээнбеков, ЖК да, коомчулук да С. Исаковду бул кызматка бышкыча күтө албасын жакшы билет. Бирок, ошондо да дагы 1 жыл болсо, ишти алып кетет деп айтып убакытты созууга ниети бар экенин билдирди. Б.а. буларга өлкөдө канчалык өнүгүү жүрбөсө, канчалык жаман болсо, ошончолук буларга жакшы экенин билдирди десем болот го. Б.а. булар биз менен чогуу бир коомдо жашап жатып, коомго душман катары позицияда экендигин билдирип койду десем болот.

— Кечээ Э. Байсалов «Атамбаевдин 11 досу» деген аталыштагы видео билдирүү таратты. Анда Атамбаевдин компаньондорун жана алардын кытай жана башка компанияларда кызыкчылыктары бар экендигин, айрымдары ошол компаниялардын учредителдери экендигин да билдирди. Б.а. бул жерде коррупциялык аракеттер болгондугу анык эле көрүнүп турат. Буга прокуратура же УМКК укуктуу баа бериши керек го. Эгер анте албаса кызматтан чегиниши керек го?

— Ооба. Өзгөчө УМКК кызматы гезитке же интернетке чыккан материалдардын негизинде эле укуктук баа бердик деп кылмыш ишин ачып салчу эле го. Гезиттен окудук деп, Ө. Текебаевди камап салышпады беле. Э. Байсалов өтө төкпөй-чачпай баарын айтып берип жатат. Күтө туралы.

— УМКК мурда дайыма экстремист таптык, террорист экен деп камап же эч сурак-сотсуз эле атып салып жатышчу эле го. Кыргызстан террористтердин өлкөсүндөй эле болуп калды эле. Бирок, С. Жээнбеков бийликке келгенден бери мындай негизде эч кимди атып өлтүрбөй калды го? Муну кандай түшүнсө болот.

— Менимче, бул суроону УМККга сунушташ керек го. Чынын айтсам, мурда УМКК биринчиден, өз кызматкерлерине үй курууга грант алуу үчүн дүйнө Кыргызстанды террористтердин өлкөсү катары кабыл алсын деп атайы операцияларды жүргүзүп келген. Ошондуктан, кылмышкерлер «отбросы общества» катары кабыл алынып, алардын айрымдарын атып сала беришкен. Экинчиден, мына азыр көрүп турабыз, мурдагы бийлик учурунда коррупциянын деңгээли канчалык болгондугун. Ошондуктан, кокустан эл көтөрүлүп кетпесин деп, элди коркутуп туруу максатында да бийлик ушундай позицияны карманса керек. Үчүнчүдөн, мына дал ошондуктан саясатчылардын айрым бөлүктөрүн жалган жалаа менен камап салышкан.

— Курултайда Атамбаев А. Жээнбековду мандатын тапшырышы керек деп билдирди. Бирок, ал мурда убада берген деп айта алган жок. Б. а. жалаа жаба алган жок. Мунусу менен Мискенбаевди жалаа жапкан киши кылып салгандай болду. Бирок, эски бийликтин көзүрү — ​жалаа эле. Экс-президент өзү да ММКларга нааразылыгын билдирип жатып, силер жамандап жатып мен жакын туугандарыман айрылдым деп апасынын, инисинин кайтыш болгондугун ММКлардан көргөнү бар эле. Ал эми самолёт кулаганда, силер жаза берип, жубайым ооруп калды деп догурунганы бар эле.

— Ооба. Анын бул билдирүүлөрү гезит беттерине басылып, документ болуп калды. Бирок, кеп анда эмес. Кептин баары эски бийлик учурунда мамлекеттик мекемелер, УМКК, ИИМ, Прокуратура, Сот системасы да акыры барып оппозицияны айыпка жыгыш үчүн жалаа жабууну жалтаңдабай эле, корунбай эле курал катары колдонуп кеткендигинде. Мына ошонун негизинде УМКК «Юпигейт», «Муфтийгейт» ж. б. «гейт» операцияларын уюштуруп келбедиби. Мунун жыйынтыгында Ө. Текебаев баш болгон канчалаган саясатчылар жалаанын негизинде камалып кетти. Бирок, бүгүн заман башка, А. Жээнбековго карата айтылган жалаага эч ким көңүл бурган жок.

— Бүгүн А. Атамбаев бизге кандай мамлекетти мураска калтырганы баарыбызга белгилүү болуп калды. Бул өтө чиелешкен коррупциялык өлкө. Бирок. ал чоң саясатка кайрылып келгенин жар салды. Бизге бир сөз менен анын мурасын сүрөттөп бере аласызбы?

— Мен экс-президенттин бийлик мезгилин А. Македонскийдин Борбордук Азияга жүрүшүндөгү бир көрүнүш менен окшоштурат элем. А. Македонский Сырдарьяга чейин кирип келип, бул жердеги Бактрия мамлекетин өзүнө баш ийдирип, Грек-Бактрия мамлекетин түптөгөн. Азыркы Ходжент шаарынын аймагына Александрия деген шаар салган. Кийин ал мындан ары чыгышты карай жүрүш жасай албай, Индияга өтүп кетип, Грек-Бактрия өлкөсүн өзүнүн аскер башчыларына тапшырып кеткен. Бул мамлекетти аскер башчы Селевск башкарган. Бирок, башка аскер башчылар ага баш ийбей, интрига күч алып олтуруп, акыры бул аскер башчылар усундардын уруу башчысынын соккусуна туруштук бере албай талкаланган.

Экс-президент да өзү кызматын өткөрүп бергени менен өкмөткө, ЖКга, прокуратурага, сотко, УМКК жана башка структураларга өзүнүн шопурун, жансакчысын, секретаршасын, завхозун, жардамчысын ж. б. ишенимдүү кадрларын коюп кеткен. Бүгүн аларды кызматтан кол жууп калбасын деп жан үрбөп коргоп жатат. КСДПнын курултайындагы билдирүүлөрүн эске алсак, ачык конфронтацияга баруудан да баш тартпагандай сүр калтырууда. Тирешүү ачык жүрө баштады. Бирок, КСДПнын курултайынан кийин, жалпы журтчулук булар элдин эмес, өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн жандалбастап жатканын түшүндү. Экс-президент куруп кеткен саясий пирамида кулаар алдында турганы айтпаса да түшүнүктүү болуп калды. ММКларда, эгер процесстер ушул бойдон кете берсе КСДП регионалдык партияга айланаары жөнүндө сөз жүрө баштады. Эгерде жакында экс-президент мурастап кеткен коррупциялашкан өкмөтү отставкага кетсе, анда анын бир топ кадрлары чоң саясаттан четтетилип, саясий талаа бир топ тазаланып калаары бышык болуп турат. Өкмөт отставкага кетсе, президент С. Жээнбеков өлкөнү өзү чийип жаткан чыйыр жол менен алдыга карай сүрөп, кыргыз көчүн уламак.

Маектешкен Т.Токтоболотов

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости