www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги саясий серепчи Табылды Акеров менен жаңы шайланган өкмөткө боюнча пикир алыштык.

--Табылды  агай, кызматтан кеткен премьер-министрди мактаган сындагандар көп. Абылгазиев  кандай иштеди? Мактоого татыган аракеттери болдубу?

--Премьер министр Абылгазиев экономиканы биротоло кулатып, өкмөттүн иши жүрбөй калган абалга жеткирбей кармап турду. Бирок ал деңгээлден жогору көтөрө алган жок. Ошон үчүн аягында коомчулук өкмөттү кескин сындап, анын кызматтан кетишин талап кылгандардын саны көбөйдү. Абылгазиевде өтө көп конституциялык мүмкүнчүлүк болду. Бирок ал аны да, өзүнүн жеке мүмкүнчүлүгүн, энергиясын, дараметин да пайдалана алган жок. Абылгазиевдин өзүндө да, өкмөттө да, демилге  жок болду. Эгерде Абылгазиев мыкты иштегенде, премьер алмашпай, кийинки президенттикке талапкерлигин койсо да, эл колдоп бермек.

--Баса, Жанар Акаев жаңы ишке киришкен өкмөттөн жакшылык, өзгөрүү, адилеттүүлүк күтүүгө болбосун, Батырбеков “Кыргызстан” партиясы үчүн иштесе, Боронов “Биримдик” партиясына иштейт деди го. Чын эле ал кооптонгондой жагдай орун алып кетиши мүмкүнбү?

--Парламенттик шайлоорго жакын келген өкмөттү бардык саясий партиялар сындашы мүмкүн. Алар мындай аракеттери менен өкмөттү саясатка берилбей түз иштөөсүн, тиги же бул партияга тартпай демократиялык шайлоолорду камсыз кылуусун талап кылышат. Ошондуктан, азыркы өкмөткө кандай гана сындар айтылбасын, баары туура, жарашат. Себеби, бул өкмөт шайлоолорду өткөрөт. Бул өкмөт ишин так жана ачык алып барып, шайлоолорду демократиялык негизде өткөрүшүнө бардыгы кызыкдар. Биз шайлоочулар да келээрки парламенттин сапатынын мыкты болушун каалайбыз. Ошондуктан, баарыбыз өкмөттөн өз ишин так, шайлоолорду демократиялык негизде өткөрүүсүн талап кылабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости