www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Партия лидерлери мандат жана кызмат орундарды сатып бизнес кылуу менен кыргыз элинин келечегин кооптуулук жаратууда. Мындай пикирин саясат талдоочу Табылды Акеров билдирди.

Ал азыр саясий партиялар идеологиялык, көз караштардын биримдиги эмес, кызмат жана кыргыздын кен байлыгын саткан соодагерлердин биримдигине айлангандыгын айтып чыкты.

“Кыргызстанда шайлоого бараткан саясий партиялардын лидерлери жаңы коррупциялык системаны түзүп жатышат. Өлкөдөгү кен байлыктар, алтын кендери, өкмөттөгү кызмат орундары соодага түшүүдө. Партиянын тизмесиндеги 30-орун 100 миң долларды чапчыды. Эгер депутат болбой калсаң, анда 100 миң доллар турган каалаган кызматы алсаң болот деп соодалашып жатышат. 100 миң долларга эсеп палатасынын кызматкеринин орду келет экен.

Тизмедеги 30-орун 100 миң доллар турса, анда партиянын лидери 30 орунду сатуу менен канча миллион долларды таап жатат. Партия түзүү, партияга ээ болуу бизнеске айланды. Саясий пратиялардын лидерлери өлкөнү, элди ойлобой, парламентке келбей жатып өлкөдөгү кен байлыктарды, өкмөттөгү орундарды алып берем деп соода кылып, кыргыз элинин, биздин балдарыбыздын келечегин сатып жатышат”, – деп жазган саясат талдоочу. 

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында Парламенттик шайлоо болуп өтөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости