www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

  • Табылды ага, "чимкирик", "кой" деген сөздөргө чиновниктердин чычалай бергени туурабы?
  • Саясатчылар дайыма элдин сынында болот. Саясатчынын ар бир кыймылын, аракетин эл билгиси келет. Жөнөкөй жаран деле жаңылат. Бирок, ал эл көзүндөгү адам эмес да. Ал эми элдин элегинде турган саясатчынын жаңылганы бул чоң резонанс. Мисалга өткөндө эле бир депутат, кыздарына туфлисинин боосун байлатып жаткандай аракеттеги сүрөтүн Фейсбукка жүктөй салган экен.
  • Коомчулуктун тепкисинде эле калды. Кыргызда бутунан мүдүрүлгөн турат, сөздөн жаңылган турбайт деп айтылат. Ошондуктан, саясатчы ар бир сөздү кылдат, талдап сүйлөшү абзел. Эгер ката сүйлөп алдыбы, бүттү сынга, шылдыңга калат. Буга чычалап кереги жок. Канчалаган мен деген президенттер сынга кабылып жатышат. Баары эле чычалап жаткан жок да.
  • Биздин эле саясатчылар ушундайбы, ар бир сөзгө теригип, чычалаган?
  • Кыргызстанда эки революция болуп, коомчулук алда канча алдыга жылып кетти. Эл ойгонду дегендей. Эл бийликтен коркпойт, өз таламын талаша алат. Мына жакында эле Атамбаев элди ээрчитип кетүүгө аракет кылды. Бирок, көпчүлүк ээрчибей койду. Саясатчылар элди сокур, маңыроо, дудук көрүшөт. Бирок, ошол элдин элдигинен өлкөдө эки жолу революция болгонун эске алышпайт. Экинчи жагынан, Кыргызстанда кландык система өтө катуу өөрчүдү. Ар бир клан өзүнүн өкүлүн саясатка, бийликке сүйрөп келгиси келип жатат. Ар бир клан бийликти, жарым жартылай да эмес, толук бойдон көзөмөлгө алууга аракет кылып жатат. Ошондуктан, саясатка бышпаган, өтө чабал, чоң кызмат үч уктаса түшүнө кирбеген адамдар келип жатат. Мындайлар Атамбаевдин учурунда көп болду. Ал өзү чабал болсо, анан коомчулуктун сынына кабылат да. Эл сындаса, чычалайт.
  • Балким, ошол айтылгандарды оңдогонго аракет кылса болот беле? Терс сын пикирлерди жакшы иши менен далилдесе жарашат беле?
  • Албетте, болот. Мисалы, Батыш өлкөлөрүндө деле сабаты начар эл өкүлдөрү бар. Бирок, алар парламентке келгенден кийин, айрыкча дарегине айтылган кандайдыр бир сын-пикир угуп калса, дароо ал сапатын оңдоого аракет көрүшөт экен. Сабатын жогорулатыш үчүн түрдүү курстарга барышат. Өзүнүн карьерасына өтө жооптуу мамиле кылышат. Бизде деле намыстанбай ошентип курстарга барып окушса. Эч болбоду дегенде сүйлөгөндү эле үйрөнүшсө кана. Тескерисинче, айттым го, бизде кландык институт күчтүү депчи, ошо биздин депутаттар, саясатчылар канча "маңыроо" болсо бийлик башындагыларга ошончолук жакшы. Мисалы, кайсы бийлик өлкө башына келбесин, алардын тилинен чыкпай буйрукту угуп добуш бергендер, үн чыгарбай койго окшоп олтура алгандар Кыргызстанда кыйлага чейин депутат болуп жүрүшөт го. Андайлардын кийинки парламентке келүү мүмкүнчүлүгү дагы 90-100 пайыз жогорулайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости