www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жумада президент С. Жээнбеков парламентте Кыргызстандын стратегиялык өнүгүү жолу, багыты тууралуу билдирүү жасады. Аны улай эле Германия өлкөсүнө барып, канцлер Ангела Меркел менен, жана башка өтө маанилүү жолугушууларды өткөрдү, бизнесмендер менен кезигип, айрым экономикалык субъектилерди кыдырып көрдү. Германиядагы кыргызстандыктар менен да жолугуп баарлашты. Сапардын жыйынтыгы катары 1 млрд еврого келишимдер түзүлүп, олжолуу кайтты. Бул эки саясий окуя бирин-бири улагандай түр калтырды. Ошого гезитибиздин саясий талдоочусу Табылды Акеров менен бул окуяларга саресеп салып, алдыда боло турган саясий процесстерге көз чаптырдык.
– Табылды мырза, алгач өлкөнүн тышкы саясатына көңүл бөлсөк. С. Жээнбеков парламенттин алдында сөз сүйлөп, тышкы саясатка өтө чоң маани берди. Тышкы саясатта кандай орчундуу жылыштарды жасай алды?
– Ооба, С. Жээнбеков өз сөзүндө Кыргызстан Орусия жана Кытай башында турган эки лөк державалардын ортосунда орун алган, ушул мүмкүнчүлүктү өлкөбүздүн өнүгүшүнө туура пайдаланалы деп билдирди. Чындыгында эле Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери Орусия менен Кытай бизге жакынкы коңшу катары финансылык, техникалык, аскердик-техникалык жардамдарын аябай берип келатат. Бул эки өлкө Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштөрү катары таанылган. Бирок, Кыргызстан тышкы саясатта өтө ыкчам алдыга жылышы керек. Бул эки өлкө менен эле чектелип калбашыбыз зарыл. Ошого С. Жээнбеков бийликке келген алгачкы күндөрдөн тартып эле мурда эки өлкөлөр аралык мамилелер солгундап калган Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттер менен алаканы тез арада калыбына келтирүүгө далалаттанды. Бул максатта жогоруда аталган өлкөлөргө барып, булардын мамлекет башчылары менен жолугушууларды өткөрүп, абалды турукташтырууга жетишти. Мындан башка Кытай, Орусияга барып келүүгө үлгүрдү. Кечээ жакында Германияга барып, 1 млрддык еврого келишимдер түзүлүп, олжолуу кайтты.
– Германияга эмне үчүн өзгөчө маани берилип жатат?
– С. Жээнбековдун Германияга сапары да өзгөчө мааниге ээ окуялардан болду. Германия Европанын борборунда жайгашкан, экономикасы жогорку технологияларда негизделген туруктуу, бай өлкө. Жети парламенттик саясий партия бар. Кыргызстан Германиянын тажрыйбасына муктаж. Себеби, С. Жээнбеков ЖКда сүйлөгөндө парламентке өлкөнүн «Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана идеологиялык партияларга көңүл буруу мезгил талабы экенин билдирди. Себеби, Кыргызстанда эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында классикалык негиздеги саясий партиялар түзулүп келген. Мисалы, Кыргызстан коммунисттик партиясы, КДК, «Ата-Мекен» социалисттик партиясы, «Таза коом» республикалык партиясы, «Дыйкандар» агрардык партиясы, «Жашылдар» партиясы, «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясы, «Ар-намыс» прогрессивдүү-консервативдүү партиясы ж.б. болуп түзүлгөн. Кыргызстан идеологиялык партияларга өткөндө саясий конкуренция идеологиялардын күрөшү катары кабыл алынат. Азыркыдай кландык же регионалдык лидерлердин жана партиялардын чабышы, интригасы жоголот. Баары болуп 10го жакын эле партия калат. Бул аракеттер да коомубузду трайбалисттик, регионалисттик көз караштардан, кокту-колоттук бөлүнүүдөн арылууга, консолидация жолуна түшүүсүнө жардам берет.
– Тышкы саясатта дагы кандай алгылыктуу аракеттерди белгилеп кете аласыз?
– Кыргызстандын тышкы саясаттагы жетишкендиктерин көрсөткөн өзгөчө мааниге ээ болгон иш чаралар жана чечимдер болду. Бул жылы ТҮРКСОЙ уюмуна кирген мамлекеттердин министрликтеринин туруктуу кеңешинин 36-жыйынында Ош шаары 2019-жылы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болмокчу. Кечээ эле Ош шаарында бүтүндөй дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурдурган аябагандай зор иш-чаралар болуп өттү. Мындан тышкары, Кыргызстан «Көчмөндөр оюндарын» эл аралык деңгээлге чыгарды. Кыргызстанда өткөн 3-«Көчмөндөр оюнуна» түрк дүйнөсүнүн эле президенттери эмес, Венгриянын премьер-министри, Сауд Аравиясынын өкүлдөрү келди. Бул дароо өз жемишин берди. «Көчмөндөр оюнунун» аркасы менен Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү, маданият өкүлдөрү баары болуп 2000 адам Сауд Аравиясында жыл сайын өткөрүлүүчү «Төө жарышы» фестивалына чакырылышты. Муну менен Кыргызстанды, кыргыз элин, анын маданиятын, улуттук оюндарын араб дүйнөсүнө тааныштырууга мүмкүнчүлүк алдык. Араб дүйнөсү Кыргызстанды жана кыргыздарды жакындан таанып калды. Бийликтин, С. Жээнбековдун араб дүйнөсү менен мамилени жакшыртуу аракеттери Петр I Орусия үчүн батышка форточканы ачканы менен барабар болуп калды. Петр I Орусия үчүн Батышты ачканда да өтө чоң маданий жаңылануу болгонун баарыбыз билебиз. Мисалы, Петр I боярларды сакал коюудан баш тарттырып, жаштарды билим алууга, англис, француз тилин үйрөнүүгө чакырган. Кыргызстан эгемендүүлүккө чыккандан бери ММКларда байма-бай өлкө исламдашып баратат деп коңгуроо кагылып келди. Ислам кыргыз элине жат, негативдүү дин катары айтылып жүрдү. Бул акыры айрым кыргыз жарандары христиан, буддист, мун, кришнаит, свидетели иегова да болуп кетишти. Бирдиктүү коомубуз майдаланып, башка диний агымдарга кирип, чачылып баштаган. Анткени, бийлик, саясий элита Ислам дининин коомубуздан туруктуу орун алуусунан чоочуркаган, ага дайын эмес болчу. Бирок, ошол эле учурда алар өлүм-житимдерде тууган-уругу менен кошо салтка ылайык бардык ырым-жырымдарын жасап келишкен. Ислам дининин коомубуздан туруктуу орун алышынан чоочуркагандын нукура үлгүсү катары экс-президент А. Атамбаевдин мезгилиндеги коомчулукту жатыркатуу үчүн көрүлгөн аракеттерди айтсак жетиштуү болот. Эсиңиздерде болсо, бүтүндөй өлкө аймагына «Кайран элим, кайда баратабыз!?» деген жазуу коштогон хиджапчан аялдардын сүрөтү тартылган баннерлерди илдирип салышкан. Анан Атамбаев өзү арабча кийинип жүргөн мекендештерибизди бакырып-өкүрүп урушуп, минтип жүрүү туура эмес экендигин билдирип, аларга акыл айтып, антип кийинүүгө болбостугун түшүндүргөн эле. Бүгүн болсо 2 миң кыргызга калпак улуттук оюндарына көңүлүн бурдуртуп, таң калтырып, Кыргызстан жөнүндө эң жагымдуу таасирлерди жаратуу аракети көрүлүп жатат. Бул коомдо кыргыз улутун багыттоодогу жетишкендик. Чоң жаңылык жана жеңиш. Себеби, бул аракеттер кыргыздарды улут катары өзүн жогору сезүүгө, өзүн улуу маданиятка, тилге эгедер эл катары сезүүгө мүмкүнчүлүк берип, аны эрдиктерге шыктандырып, алдыга умтулууга, өзүнүн дараметин көтөрүүгө, кубатын арттырууга өбөлгө түзүп жатат. Кыргыздардын башка элдер, улуттар арасында кичи элбиз деп басынып калбай, тең ата мамиле түзүүсүнө мүмкүнчүлүгүн арттырып жатат. Көрбөйсүзбү, азыркы бийликтин коомубуздун арабдашуу проблемасын улуттук кызыкчылыкта биздин жашообузга кийлигишпей, коомго тоскоолдуктарды жаратпай, эч байкалгыс кылып, кыргыздарды улут катары кайдан чыкканын, ким экенин унутпоосун эскертип, багыт берип жатканын.
– Сөзүңүзгө аралжы, Кыргызстан чын эле Сауд Аравия жана башка араб өлкөлөрү менен мамилелерди жакшыртууга аракет кылып жатат. Мунун дагы кандай позитивдүү жактары бар?
– Эң негизгиси, кыргыз коомчулугунда Ислам динине көз караштын өзгөрүшүн камсыз кылышы мүмкүн. Жогоруда айтылгандай, буга чейин Ислам дини бийлик тарабынан өтө өгөйлөнүп келди. Мамлекеттик чиновниктер өзүлөрү Ислам дининде болгону менен аны ачык билдирбей, тескерисинче, өтө этият мамиле кылышты. Ал эми Атамбаевдин мезгилинде аны ачык эле кандайдыр коомго зыян алып келүүчү дин катары көрүп, ошондой мамиле кылып келди. УКМК канчалаган жаш балдарды террорист экен деп сотсуз эле түн ичинде же күндүз ар кайсы жерден атып, жок кылып жатты. Аларды өлтүргөндөн кийин кандайдыр бир окторду, же куралдарды көрсөтүшүп, булар теракт кылганга дайынданып жатышкан экен деп билдирип жатышты. УКМКга террорист деген шылтоо менен адамды өлтүрүү өтө оңой болуп калган. Бирок, бүгүнкү абалды көрүп, УКМК ошол кезде атайылап эле элди коркутуш үчүн жаш балдарды террорист деп атып, өлтүрүп жатканын билүүгө болот. Ошондуктан, мен ойлойм, бул аракеттер Кыргызстанда Ислам дининин өз ордун табуусуна жардам берет. Экинчиден, Сауд Аравиясы менен жакындашуунун экономикалык да жакшы жактары бар. Бул өлкө өтө бай. Анда акча көп. Өткөндө Өзбекстандын президенти Ш. Мирзиёев Сауд Аравиясына иш сапары менен барып, 15 млрд долларлык келишимге кол койду. Мен Кыргызстанда бул өлкөнү өзүнө донор кылып алууга аракет кылыш керек деп ойлойм. С. Жээнбеков өзүнүн иш сапарында 15 млрд долларга келишим түзүп, 5 млрдын Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жодуна жана САСА-1000 долбоорун ишке ашырууга гранттык негизде алса эмнеси жаман? Анан калса, арабдар Кыргызстанды туристтик негизде пайдаланууга ынтызар болуп жатат. Демек, биз да экономикабызды кайсы бир деңгээлде ошого багытташыбыз керек болот… Мисалы, халал продукциялардын өнүгүшүн шарттап дегендей. Сауд Аравиясы менен Кыргызстандын мамилелеринин чыңдалышы эки өлкө үчүн бирдей пайдалуу болот деп ойлойм.
Бактемир Чолпонкул уулу
Булак: «Жаңы Ордо»