www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Табылга" партиясы Жогорку Кеңеште боло турган шайлоодо "Мекеним Кыргызстанды" колдоп берүүнү чечти. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыкты.

Бул маалыматты саясий уюмдун борбордук штабы тастыктап, биригүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандыгын белгиледи.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын төрагасы Мирлан Бакиров жакынкы аралыкта дагы бир катар беделдүү партиялар жана саясатчылар алардын катарына кошула тургандыгын маалымдады. “Мекеним Кыргызстан” олуттуу жаңыланууну күтүп жатат “, – деп сөзүн жыйынтыктады.

Эске сала кетсек, кечээ, 13-августта “Бирик” жана “Мекеним Кыргызстан” партиялары шайлоого чогуу аттанышаарын жарыя кылышкан. Партиянын лидерлери кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. 

Белгилей кетсек, Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Башында 44 партия катталган, бирок экөө – “Демократ” жана “Коммунисттик партиясы” шайлоого катышпай турганын билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости