www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тээ илгери союз убагы эле. Анда мен 6 - класста окучумун Менин гипноз агам жаш чабан болуп калды. Гипноз демекчи, агам көп жолу кой кыркып иштеди. Дөбөткул, жана дагы Мурат деген үч дос койду жакшы кыркар эле. Дөбөткул бир күндө 150-170 кой, агам 120-130 кой кыркар эле. Муну билген себебим, мен 5-классты бүткөндөн кийин кой кыркымда жүн ташыгыч болуп иштеп калдым. Колхоз-совхоз учурундя окуучу балдардын көбү жүнгө иштечүбүз. Кечинде ыр-күлкү, тамашалар көп болчу.

Бир күнү каяктан экени эсимде жок, артисттер келип оюн көрсөтүп, концерт коюп калышты.  Аңгыча эле эл дүрбөп башка жака жөнөп калышты. Ибраим оюн көрсөтүп жатат дешип. Биз дагы бардык. Агам жайдак машинанын үстүнө чыгып алып, фокус көрсөтүп жатыптыр.

Кагазды акча кылып, бирөөнүн колундагы саатын билгизбей чечип алып, фокустарды көрсөтүп жатыптыр. Баягы Дөбөткул болсо “силерге эмне, бекер оюн жок” деп шапкесин колуна кармап алып элден акча чогултуп жүрөт. Карасам, баягы жанында он    чакты эле кары-картаң ашпозчу аялдар калыптыр. Ал эми эл агамды тегеректеп алышкан.

Ошол агам 1976-жылы чабан болуп калды. Жаңы үйлөнгөн. Анан күзүндө, сентябрь айынык аягында агамды Ленин деген жерге көчүрүп калдык. Ал жер азыркы Токтогул суу сактагыч көлүнүн астында калды, Канча деген айдоо жерлер суунун астында калды. Ал убакта Ленинди cyу баса элек эле. Үймөк-үймөк болуп чөптөр жыйылып тургандыктан ошол жакка кыштаганы көчүп калды.

Эки агам жана мен үчөөбүз койлорду алып жөнөдүк. Азыркы Чолпон-Ата кыштагына келип калдык. Анда кыштак жок, беде аңыз эле. Чолпон- Атага жетпей Күн - Тийбес деген жерге саат бирлерде келдик. Койлор ысыктап баспай жуушап калды. Улуу агам экөөбүз жаныбыздагы Узун-Акмат суусунан балык кармап, убакытты өткөрүп жаттык. Саат 4 менен 5тин ортосунда койлор жол жакка жайылганынан мен койлорду кайрып, ошол жердеги бир өрүктүн түбүнө көлөкөлөп калды.

Эки агам нары кашатта олтурушкан.Көргөндөр билет, көрбөгөндөр болсо айтып коёюн. Ошол Чолпон-Ата айылынын мандайы тегиз нура аска болот, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүзүнүн аскаларындай. Анан эле кандайдыр бир үндөр ошол аскалардан жаңырып калды. Айлана ээн, эч ким шок. Аскалардан жаңырган үндөр, сүрөттөп деле айталбайм ызы-чуу, дүңгүрөп көп жылкынын дүбүртү.  

Айгайлаган кишилердин үндөрү, аялдардын, балдардын алсыз кыйкырыгы, кылычтын чак-чук деген үндөрү, жылкылардын кишенегени, уй-музоолордун мөөрөгөнү, койлордун маараганы, айтор ызы-чуу болуп жатты. Бирде басылат кайра күчөйт. Эки агам менден 100 метрдей аралыкта кашатта жер тиктеп олтурушкан. Алар да угуп жатса керек деп ойлоп койдум. Аңгыча жолдон татырап бир трактор өтүп калды. Агаларым туруп Агаларым туруп аттарын кармап токуп, кайра кайра койлорду айдап жөнөп кеттик. Ленинге жеткизип, үйгө кайтып келгенде болгон окуяны апама, атама айтсам, алар абдан таң калышты.

Апам кийин агаларымдан сураптыр, “уктуңар беле ошол үндөрдү" деп. Алар да таң калышып, "бизге неге ошондо айткан жоксуң” дешти.  "Силер жер тиктеп, ойлонуп отурганыңардан булар да угуп жатат экен деп ойлодум" дедим. Анткени дарыянын шоокумунан аларга угулмак эмес.

Мына, окурман, ошол мага угулган сырдуу үндөр эмне үндөр... Ошол үндөр "Манастагы" Чоң казатка же "Рүстөм" дастан киносундагы үндөргө окшошуп кетет.

Бул тууралуу И. Мамыровдун "Сырдуу дүйнө" гезитине жазганын NazarNews.kg маалымат агенттиги алып, шилтеме жасады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости