www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупция менен шектелип камалган Бишкек шаарынын мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата Ленин райондук  сотунда өкүм чыкты. Бирдей берене менен айыпталып олтурган экс-мэрлерге эки башкача өкүм чыкканы көп талаштуу суроолорго жем таштады. Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискациялана турган болсо, Кубанычбек Кулматов 5 млн сом айып төлөй турган болуп, сот залынан бошотулду. Кубанычбек Кулматовду орустардын таасири темир тор артынан сактады деген сөздөрдүн чындыгы барбы? Ушул логика чындыкка дал келип жатпайбы. Кулматов Россиянын жараны экендиги ушуну менен ачыкталабы? 2010-жылдагы революция үчүн каржыны Кулматов аркылуу орустар алып келгенин соттун чечими ырастайбы? Кубанычбек Кулматов эркиндикке чыгарсаңар Россияга кетип калам деп бийлик менен сүйлөшүү жүргүзгөнү чынбы? Кремль Кулматовдон кийин Атамбаевди дагы эркиндикке чыгарууга же жашыруун алып чыгып кетүүгө даярданып жатканы тууралуу сөздөр бекер эмеспи? Орустардын кишиси делген Кулматовдун сот залынан бошотулушу, Атамбаевдин камакта көпкө олтурбай турганынан ачык кабар береби? Бул суроолордун жообу дагы жакында билинет. Кимдин таасири астында сот чечимдери чыгып жатканын убакыт келгенде угабыз.

Булак: “Жаңы Ордо” 

Последние новости