www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таиланддын түндүгүндөгү Накхонратчасима шаарында аскер кызматкеринин огунан каза болгондордун саны 29 адамга жетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги өлкөнүн коопсуздук күчтөрүндөгү булактарына шилтеме кылып билдирди.

Жакрапант Тхомма аттуу аскер алгач үч аскерди атып өлтүрүп, шаардын ичинде кезиккен адамды атып кете берген.

Ал эми ок ачкан аскер атайын операциянын жүрүшүндө атып өлтүрүлдү.

Thai PBS телеканалынын маалыматына караганда, ок атуудан 63 адам жаракат алып, 13ү жергиликтүү ооруканага жеткирилди.

Таиланддын премьер-министри Прают Чан-Оча аскер кызматкери үйүн сатуудагы көйгөйлөрдөн улам адамдарга ок чыгарганын билдирди.

32 жаштагы Жакрапант Томма алгач аскер лагеринде үч офицерди өлтүрүп, армиянын автоунаасын айдап качкан. Ал «Терминал-21» соода борборуна бараткан жолдо, андан соң анын ичинде адамдарга ок атып, бир канчасын барымтага алган. Анын кандай талаптарды айткандыгы тууралуу маалымат жок.

Эске сала кетсек, 8-февраль күнү Таиландда Накхон Ратчасима армия капралы жөнөкөй жарандарга ок аттып, 17 киши атып өлтүргөн. Бул тууралуу маалыматты Тайландын tna.mcot.net/басылмасы жазып чыккан. Аны менен катар бир нече адамдар жаракат алышкан. Жакрапант Тхомма аттуу аскер алгач үч аскерди атып өлтүрүп, шаардын ичинде кезиккен адамды атып кете берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости