www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын эки жараны адам өлтүрүүгө айыпталып, Таиланд Королдугунан Кыргызстанга экстрадицияланды.
Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалыматка ылайык, Н.А. жана Р.А. аттуу жарандар чет өлкөлүк жаранды өлтүрүүгө шектелип, кылмыштан кийин тергөө органдарынан жашырынып кетишкен. Буга байланыштуу аларга эл аралык издөө жарыяланган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр Таиланддын аймагынан кармалып, Башкы прокуратуранын чет өлкөлүк компетенттүү органдар менен кызматташуусунун натыйжасында ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилди.
Учурда айыпталуучулар тергөө абагына киргизилип, кылмыш ишинин алкагында мындан аркы тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Башкы прокуратура кылмыш жоопкерчилигинен качып, чет мамлекеттерде жашырынып жүргөн адамдарды аныктоо, кармоо жана Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи.