www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунда жол кырсыгын жасап, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей качып кеткен айдоочу кармалды.
Ош ОИИБдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июнь күнү саат 13:00 чамасында Өзгөн–Мырза-Аке унаа жолунун 2-чакырымында, Манас көчөсүндө токтоп турган «Kia K5» үлгүсүндөгү автоунааны күмүш түстөгү «Mercedes-Benz C200» сүзүп, окуя болгон жерден Ош шаары тарапка качып кеткен.
Унааны токтотуу максатында Куршаб, Таш-Арык, Тойчу айылынын бурулушу, Учкун жана башка көзөмөлдөө пункттарында тосуу чаралары көрүлгөн. Бирок айдоочу милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей, бир нече посттон токтобой өтүп кеткен.
Кийинчерээк Кыргыз-Чек постунда патрулдук автоунаа менен жол тосулган учурда да айдоочу токтобостон кызматтык автоунааны сүзүп өткөн. Андан соң ал «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны сүзүп барып токтотулган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө «Mercedes-Benz C200» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мас абалда экени аныкталган.
Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары 2008-жылы туулган Н.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда окуя боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.