www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таиландда эркектердин жыныс мүчөсүн агартуу популярдуу болуп жатат жана бул жаңы модага айланган жорук көпчүлүктүн кыжырын келтирүүдө. Өзүнөн өзү суроо туулат: Таиланддын сулуулук индустриясы аша чаап кеткен жокбу?

Терини агартуу Азия өлкөлөрүндө көп берки модага айланган. Ал жактагылар кара-торулукту физикалык эмгек, күндүн нуру астында иштөө менен, жакырчылык менен да байланыштырышат.

Бирок, пенисти агартуу – жаңы нерсе. Бул процедура тууралуу баяндаган видеоролик социалдык тармактарда көп көрүлгөн видеолордун бири болуп калды.

Таиланддын Салматтыкты сактоо министрлиги тарабынан дароо мындай косметикалык хирургиялык операцияга каршы эскертүү берилген.

Мындай процедураны жасатууну чечкен элге эмне түрткү болуп жатат?

Жакында агартуу процедурасынан өткөн бейтап Тайлык Би-би-си кызматына маек куруп жатып: “Мен ич кийимчен жүргөндө өзүмдү ишенимдүү сезгим келет”, - деп айткан.

30 жаштагы эркек киши операциянын биринчи баскычынан (негизи беш баскычтан турат) эки ай мурда өткөн, ошондон бери өзүнүн жыныс мүчөсүндөгү өзгөрүүлөрдү ачык байкай баштаган.

Пенисти толук агартуунун баасы 650 долларды түзөт.

Эмне үчүн?

Бул кызматты сунуш кылган Lelux Hospital клиникасы өзүнүн Facebookтагы жарнамалык постунда адистер бейтаптын эпидермисинде пигменттүү меланиндин өлчөмүн азайтууга жардам берет, бул теринин агаруусуна алып келет, деп айтышат.

Учурда бул боюнча ар кандай пикирлер – жагымсыз сөздөрдөн баштап, тамаша-азилдерге чейин айтылып жатат. Көпчүлүк “Эмнеге?” дене суроо да берип жатышат.

Кимдир бирөө башын чайкап, агартылган пенистин ээси аны колчырак катары колдонсо болорун айткан.

Ай сайын бул жакка 20-30 чакты эркек менен аял кайрылат. Кээ бирлери Мьянмадан, Камбоджадан жана Гонконгдон келишет.

“Бул интимдик органдарына өзгөчө кам көрүшкөн гей эркектер менен трансвеститтердин арасында абдан популярдуу. Алар баардык жагынан жакшы көрүнгүлөрү келет”, - деди Попул Тансакул.

Секске коркунучу барбы?

Дарыгерлер агартуу процедурасы бейтаптын репродуктивдүү функциясына жана ал тургай секс менен алектенүү жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизет деп эскертишет.

Ошондой эле, медиктер агартуунун натыйжасы көпкө сакталбайт экенин далилдешти: бир канча убакыттан кийин тери табигый түсүнө баары бир кайтып келет, бирок тажрыйба таасиринен пигмент бирдей бөлүштүрүлбөгөндүктөн, көрксүз тактар калышы мүмкүн.

“Пенисти лазердик жол менен агартуу эч кимге керек эмес, бул акчаны бошко коротуу жана күтүлгөн натыйжаларга караганда терс таасир алуу коркунучу көп”, - деп билдирди Таиландтын саламаттыкты сактоо министри Тонгчай Киратихуттайакорн.

Бул региондо теринин тунуктугу, тазалыгы адамдын жумушчу класска таандык эместигин жана талаада иштебейт экенин билдирет.

Булак: "chabarman.kg"

Последние новости