www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таиланддан баңгизат ташууга шектелип мурдагы мамлекеттик кызматкердин уулу кармалган. 

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы (СБНОН) жана "Түндүк" темир жол бажысынын кызматкерлери Бишкектеги почта бөлүмдөрүнүн биринде 1980-жылы туулган Т. Б. О. жана 1989-жылы туулган Ч. Н. аттуу жарандарды эл аралык почта аркылуу келген баңгизаттарды алып жаткан жеринен кармашкан.

Кармалгандардан Таиланд Падышалыгынан жөнөтүлгөн жалпы салмагы 7 килограмм 560 грамм марихуана алынган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган баңгизаттын көмүскө базардагы баасы 400 миң АКШ долларынан ашат.

Тергөө маалыматына ылайык, бул баңгизаттын партиясы кийин мыйзамсыз түрдө Казакстанга өткөрүлүп берилмек.

Алдын ала маалыматтар боюнча, камакка алынган Ч. Н. (1989-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Нурланбек Матиевдин уулу болуп саналат. Нурланбек Матиев буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы кызматын да аркалаган.

Мындан тышкары, Нурланбек Матиев «Фармация» ААКсынын ири акционерлеринин бири экени белгиленди.

Последние новости