www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин буйругу менен Кубанычбек Турганбаев Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган орун басар бүгүн, 23-июлда, министрликтин жамаатына расмий тааныштырылды.

Кубанычбек Турганбаев 1981-жылдын 29-июнунда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында төрөлгөн. Ал 2006-жылы Бишкектеги Эл аралык Кыргызстан университетин «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 2007-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде баштап, 2021-жылга чейин аталган мекемеде ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган. 2022–2024-жылдары «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын «Кумтөр» кениндеги коопсуздук кызматынын башчысы болуп иштеген. Ал эми 2024–2026-жылдары «Азия Имарат» ЖЧКсынын башкы директору кызматын аркалаган.

Мамлекеттик кызматтагы жана кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Последние новости