www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таиланддын Лопбури шаарында миңдеген маймылдар дүкөндөргө, үйлөргө кирип, шаарды каптап кетишкен. Жергиликтүү полиция кызматкерлери дагы эч нерсе кыла албай калышкан. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, шаарда болжол менен 8 жарым миңдей макаки маймылы бар. Маймылдарга көбүнчө шаарга келген туристтер тамак берип келишкен. Коронавирус пандемиясынан улам туристтер келбей, алар ачка калышкан жана шаардагы дүкөндөрдүн, үйлөрдүн терезелерин талкалап кирип тамактанышып, андагы адамдарга кол салып жатышат.
Мындан улам аталган шаардагы кинотеатр, чач тарач жана дүкөндөр жабылды. Жергиликтүү тургундар макаки маймылы менен адамдардын ортосундагы табигый тең салмактуулук бузулду деп эсептешкен.
Таиландда жалпы 3 миң 298 адамдан коронавирус аныкталды. 58 адам каза болсо, 3 миң 111 бейтап айыгып чыкты.
Булак: NazarNews.kg