www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайманбас айым Ангела Меркельдин мураскери тандалды

Германиядагы Христиан-демократиялык биримдигинин жаңы төрагасы болуп Түндүк Рейн-Вестфалиянын премьер-министри Армин Лашет болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Шайлоо өнөктүгүнө бир нече талапкер, анын ичинде парламенттик фракциянын мурдагы башчысы Фридрих Мерц жана Бундестагдын тышкы саясат комитетинин башчысы Норберт Реттген катышышкан. Добуш берүү эки турга бөлүнүп, 521 добуш алган Лашет жеңишке жеткен. 

Маалыматка ылайык, Лашет Меркельдин ордун 2021-жылдын сентябрь айында ээлеп калат.

Эске салсак, 31-декабрда Меркель жарандарды Жаңы жылдык майрамдары менен акыркы жолу куттуктаганы белгилүү болгон. Анын айтымында, ал мындан ары Германиянын канцлери кызмат ордуна талапкерлигин койбойт. Ангела Меркель канцлер болуп 2005-жылдын 22-ноябрь айынан бери иштеп келет. Германиянын өнүгүшүнө эбегейсиз зор эмгек кошкон Меркельдин ордун татыктуу басып кала турчу адамды табуу абдан оор болоорун өлкөнүн чиновниктери да, жарандары да айтып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости