www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адаттан тыш окуя кошуна Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусундагы Гузор районунда болгон. Өлкө Баш прокуратурасынын кызматкери “Хукук” басылмасына билдиришинче, аталган райондун 44 жаштагы тургуну чала кызуу абалда досу менен сөз талашып, чокулаша кетет да кулагынын бир бөлүгүн тиштеп, үзүп алат.

Кулагынын бир бөлүгүнөн айрылган досу дароо Ташкентке келип, дарыгерлер анын моюн кысымынан тери көчүрүү аркылуу кулагын жамап-жаскайт. Окуя болгон жерден кулактын үзүлүп түшкөн бөлүгү табылбаган соң дарыгерлер ушундай кадамга барууга аргасыз болгон. Бейтапка борбор калаада дагы бир операция жасалып, экспертиза оң кулагынын учунан эки бөлүгү тиштелип үзүлгөн деген тыянак чыгарган. Бирок жабырлануучу кулак тиштегич досун кечирген.

Бирок ага карабай райондук сот айыпталуучуну 3 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. “Анын Тайсонду тууроо кылыгы кымбатка түштү”, - деп жазат аталган басылма.

Атактуу боксчу Майк Тайсон мындан бир канча жыл мурда рингде атаандашынын кулагын тиштеп алган ушундай окуя менен дүң болгону эсиңизде чыгар...

Булак: "kundemi.kg"

Последние новости