www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайырбек Сарпашев Финполго суракка чакыртылды

Кыргыз Республикасынын мурунку вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Финансы полициясына суракка чакыртылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирди.

Маалым болгондой, Сарпашев бүгүн саат 17:00гө суракка келүүсү керек.

Маалыматка ылайык, ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн, жакын туугандарына каттаган.

Эске салсак, буга чейин Финпол мурунку вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү башталганын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости