www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Тайырбек Сарпашев деген “тосток” көз, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп турганда биометрикалык паспортун керегинче мактап, атты ээрсиз минип, колуна камчы албай, тили кургаганча сүйлөп, ой-тоону карабай чапкылап, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин башын айлантып атып өзү ойлоп тапкан системаны киргизген.
Ал тургай, бул “тостоктун” сөздөрүнө таянып, тийешелүү бийлик “Биометрикалык паспорттор бир жыл бою бекер берилет” деп элге жар салган. Аны укканда кыйналып турган кыкең “улуту” деген жери жок экенин уруп ойнобой айла жоктон миңдеген адам электрондук паспорттун ээси болда да калды.
Кийинчирээк, же төө өлбөй же Төкөр өлбөй, же төрдөгүсү өлбөй баягы Тайырбек апыл-тапыл таба калган электрондук паспортун окуй алчу аппараттары Кыргызстанда жок экенин ырдап чыгышты. Тайырбек тапкан паспорт чыкканга чейин атайын аппараттар Кыргызстанда жок экенин жергиликтүү ММКлар бир эмес бир нече жолу жазып чыккан. Мурунун учун ойлоп, жасап жаткан ишин кылдаттык менен ойлобогон Тайырбек Сарпашевдин "жинди кыялы" кимдердин кызыкчылыгы үчүн жасалгандыгы кылдаттык менен иликтениши керек жана өтө зарыл.
Анткени, “Улуту - кыргыз” деген графа, өткөн бийликти кыпындай кызыктырбады. Мындай улуту - кыргыз деген графанын паспорттон алынып салынышына себепчи болгондор кыргыз элинин чыккынчылары дегенден башка сөз жок. Эми, Тайырбек Сарпашевдин "какашкасын", бул бийлик тазалашы керек.
Урматтуу КР президенти Сооронбай Жээнбеков, Тайырбек Сарпашев кыргыз элине чыккынчылык жасап, паспорттон "улуту-кыргыз" деген графаны алып салгандыгы үчүн кылмыш ишин козгоп же жоопко тартып, паспортту мурдагысындай эле “улуту-кыргыз” деген графаны киргизип берсеңиз.
Урматтуу Сооронбай Шарипов, кыргыз үчүн, кыргыздын улуту үчүн калган эрк Сиздин колуңузда. Кыргыз эли - улуту менен кыргыз. “Бардактын” баарын чыгарып паспорт менен ойногон Тайырбек мырзага жазаңызды колдонсоңуз...
Булак: NazarNews.kg