www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кандек пилге үрүп тургансып, Тайван Кытайга каршы аскердик машыгууларды өткөрмөй болду. Украинаны Орусия басып алган соң, эч нерсеге деле таң калбай деле койсо болот. Тайванды тегерете учуп жүргөн кытайлык учактар ал жерди заматта эле басып алышы ыктымал. АКШ спикер Нэнси Пелосиге Тайванга барууга уруксат берүү менен бир нече ката кетирди. Биринчи ката катары АКШнын Кытайдын ички ишине кийлигишкени: Пекиндин бир нече жолку эскертүүсүнө карабастан Вашингтон Пелосинин Тайванга сапарын баары бир уюштурду. Бул нерсе Кытайдын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга жатат.

АКШнын экинчи катасы – бул Тайвандын көз карандысыздыгын колдогону болду. Ал дүйнөдөгү бир дагы мамлекет "сепаратисттик күчтөрдү" колдобошу керек деп эсептейт. Бирок АКШ мындай аракеттери менен Кытайга каршы чыкты.

АКШнын үчүнчү катасы катары аймакта өзүнүн аскердик күчтөрүн көбөйтүү менен тынчтыкты бузууну каалап жаткандыгы.

 Пелосинин Тайванга жасаган сапарынан кийин Кытайдын суверендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү сактоо үчүн көргөн чаралары мыйзамдуу.Өткөн жуманын башында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Кытай тараптын каршы болгонуна карабай Тайванга барган. Ал 25 жыл ичинде аралга келген эң жогорку даражалуу америкалык аткаминер болуп калды.

Натыйжада бейшемби күнү Кытай армиясы Тайвандын айланасында ири масштабдуу аскердик машыгууларды баштады. 4-7-августтагы машыгуулардан тышкары Пекин Тайвандын эки фондуна, Пелосинин өзүнө жана анын үй-бүлөсүнө санкция киргизди. Вашингтон менен климаттын өзгөрүшү боюнча сүйлөшүүлөрдү жана башка кызматташтыкты токтотту. Мындан тышкары, Тайванга табигый кумду экспорттоого жана аралдан цитрус жемиштерин, балыктын кээ бир түрлөрүн импорттоого тыюу салды. Кытай бийлиги америкалык аткаминердин сапарынын бардык кесепеттери али алдыда экенин жана алар үчүн жоопкерчиликти Вашингтон менен Тайбэй тартарын билдирүүдө.

Буга чейин Пекин Пелосиге жана анын жакындарына каршы санкцияларды жарыялаган. Анын Кытайдагы Тайванга сапары "жийиркеничтүү жана чагымчыл" деп мүнөздөлгөн. Кытай бийлиги америкалык саясатчы "Кытайдын ички саясатына катуу кийлигишкен" жана анын "мамлекеттик суверенитетине олуттуу зыян келтирген" деп эсептейт.

Кытайдын Элдик боштондук армиясынын Чыгыш командачылыгы Тайванга жакын жердеги аскердик машыгуулардын алкагында коюлган милдеттер ийгиликтүү аткарылганын жарыялады.Тайвандын тегерегиндеги аскердик иш-чаралардын алкагындагы бардык тапшырмалар ийгиликтүү аткарылды. Бирок Тайвань кысыгындагы ар бир өзгөрүүнү көзөмөлдөп туруу үчүн машыгулар улана берет. Мунун бардыгы мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн жасалып жатат.

Тайвань да аралдын түштүгүндө чыныгы октор жана ок-дарылар колдонула турган артиллериялык машыгууларды өткөрөрүн жарыялады. Тайвандын CNA агенттигинин маалыматына караганда, армиянын билдирүүсүндө, аралдын түштүгүндөгү Пинтунг провинциясынын Фингганг шаарында эки башка артиллериялык машыгуу өткөрүлөт. Машыгууларда 155 миллиметрлик окту атуучу 78 даана гаубицанын жана 6 даана 120 миллиметрлик минометтун абага жана деңизге ата турганы айтылды. Ошондой эле армиянын жылдык машыгуусу 5-сентябрда өтөөрү белгиленди. Нэнси Пелосинин сапарынан кийин Кытай аралдын айланасында чыныгы окторду жана ок-дарыларды колдонуу менен аскердик машыгууларды баштагандан кийин жасалды.

Бүтүшү күтүлгөн машыгуулар Кытайдын эгемендүүлүк жаңжалында турган аралдын айланасында иш жүзүндө блокаданы жаратты. Машыгуулардан улам кээ бир аймактар ​​кеме жана учак кыймылына жабылса, кысыктагы коопсуздук маселесинен улам каттамдардын үзгүлтүккө учураганы билдирилди.

Ал арада Кытайдын армиясы өлкөнүн түндүгүндө жаңы машыгууларды баштаары кабарланды. Деңиз коопсуздугу башкармалыгы тарабынан жасалган билдирүүдө борбор шаар Пекинге жакын Бохай деңизинде 8-август-8-сентябрда жана Сары деңиздин түштүгүндө 7-15-сентябрда боло турган машыгуулардан улам аталган аймактардын кеме кыймылына жабыла турганы белгиленди.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости