www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Такси айдоочулары лицензияны эми онлайн ала алышат

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча санариптик системаны ишке киргизди.

Эми такси айдоочулары жана юридикалык жактар лицензия алуу үчүн арыздарын «МБанк», «Элдик» жана «Түндүк» мобилдик тиркемелери аркылуу онлайн тапшыра алышат.

Лицензия алуу үчүн колдонуучу тиркемеде идентификациядан өтүп, электрондук арызды толтуруп, керектүү документтерди жүктөшү керек.

Лицензия берилгенден кийин анын маалыматы мобилдик тиркемеде санариптик форматта жеткиликтүү болот.

Белгиленгендей, 2026-жылдын 1-июлунан тартып лицензиясы жок жүргүнчү ташыган жеке жактарга 7 500 сом, ал эми юридикалык жактарга 23 000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Ички иштер министрлиги жүргүнчү ташуу менен алектенген бардык жарандарды лицензияларын өз убагында алып, мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.

Последние новости