www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан “Бала-Кербен” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунда мыйзам бузуу фактысы аныкталды.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдан тартып мекеменин жооптуу кызматкерлери жумуш убактысын эсепке алуу документтерине жана маяна тизмелерине иш жүзүндө иштебеген 6 адамды жалган түрдө киргизип, аларга эмгек акы эсептеп келишкен.

Натыйжада олуттуу өлчөмдөгү акча каражаттары мыйзамсыз ыйгарып алынганы белгиленген.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости