www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-январда, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтар менен биргеликте таңкы рейд өткөрүп, Манас-Ата аймактык башкармалыгы аркылуу өткөн Жекелик каналынын суу корук аймагын бошотуу боюнча кыдырып чыкты.
Анын алкагында шаар мэри А. Навои көчөсүндө жайгашкан, көп жылдан бери иштетилбей турган «Евразия» кафесинин суу жээгине курулуп калган объектилерин жеринен көрүп, Жекелик каналынын суу корук аймагына өз билемдик менен салып алган курулуштарды тез арада алып салуу жана аймакты бошотуу боюнча тапшырма берди.
Ошондой эле рейддин жүрүшүндө шаар башчысы Жекелик каналынын суу корук аймагына курулуш жүргүзүп алган бъектилердин аймагын карап чыгууну тапшырды.