www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматында алкоголь жана тамеки продукциясын экспорттоо жана импорттоодо навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүк ташууларды көзөмөлдөө системасын киргизүүгө тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын даярдоо боюнча жыйын өттү. Бул система 2026-жылдын 11-февралынан тартып ишке киргизилет.
Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Кубанычбек Ысабеков жана Азат Алманбетов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын, Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле бизнес-коомчулук катышты.
Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабековдун белгилегендей, бул жолугушуу ЕАЭБдин алкагында товарларды экспорттоо жана импорттоодо навигациялык пломбаларды колдонуу тартиби жана эрежелери боюнча бизнеске түшүндүрмө берүү максатында уюштурулду.
Ал автотранспорт каражаттарын навигациялык пломбалоонун негизги максаты — декларацияланган товарлардын сакталышын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу экенин белгиледи. Бул мамлекеттик чек арадан өтүүнү тездетүүгө жана бизнеске болгон жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.
Жыйындын жүрүшүндө Салык кызматынын адистери жана жүк ташууларды көзөмөлдөө системасын улуттук оператору товарларды экспорттоо жана импорттоодо навигациялык пломбаларды колдонуу тартибин кеңири түшүндүрүп беришти. Ал эми бизнес өкүлдөрү өздөрүн кызыктырган суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Кубанычбек Ысабеков методикалык жардам көрсөтүү жана салык төлөөчүлөргө мындан ары маалымат берүү максатында салык кызматкерлери үчүн бул көзөмөлдөө системасын колдонуу маселелери боюнча окуу иш-чараларын өткөрүү пландалып жатканын билдирди.
Эске салсак, ЕАЭБдин навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуусуна жана Евразия экономикалык комиссиясынын чечимине ылайык, 2026-жылдын 11-февралынан тартып Евразия экономикалык союзунун мүчө мамлекеттеринин аймагында товар ташууларды навигациялык пломбалардын жардамы менен туруктуу көзөмөлдөө киргизилет.
Көзөмөл автомобиль жана темир жол транспорту аркылуу ташылуучу алкоголь продукциясына, тамекиге жана тамеки буюмдарына карата колдонулат.