www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу акыныбыз Алыкулдун “Эй, Россия, Россия, бир боор энем! Мен өндүү тоо кушуна койнуң, кенен.” деген ыр саптары бар эмеспи. Анын сыңарындай, жакшы корөбүзбү, же жаман көрөбүзбү, энергия алып жүрүүчүлөр боюнча Россия Кыргызстанга чоң колдоо көрсөтүп келет. 

Бир-эки цифрага көңүл буруп коелу. Улуттук статистикалык комитетибиз билдиргендей, өткөн жылдын январынан октябрь айын кошо алганда,  Россиядан 385,6 миллион кубометр жаратылыш газын алыптырбыз. Бул 2025-жылы Россия жалгыз газ берүүчү болуп калганын билдирет. Андан бир жыл мурун Өзбекстандан да бир аз көлөмдөгү газ импорттолгон экен. 

Россиянын Кыргызстандагы Элчиси Сергей Вакунов белгилегендей, Москва Кыргызстанга мүмкүн болушунча көмөк көрсөтүүгө аракеттенет. Газ бажы алымысыз берилүүдө. Россия берген газ Кыргызстандын керектөөсүнүн дээрлик 90 пайызын жабууда. 

Жаңы жылдын башталышында биздин керектөөчүлөр үчүн дагы жакшы жаңылык болду. Кыргызстандын нефть трейдерлери ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов билдиргендей, күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) баасы литрине 1-1,5 сомго арзандады. Анын айтуусунда, жыл аягында россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдор салттуу түрдө калдыктарын сатып түгөтүү үчүн дүң бааларды төмөндөтүшөт. 

А бизге эмне себептен арзандатканы маанилүү эмес. Эң башкысы арзан болсо, болду. Анткени, КММларга баа башка товарлардын бааларынын көтөрүлүшүнө да алып келет эмеспи. 

Ушул жерден айта кетсек, Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майларды дагы бир нече өлкөдөн алат. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылы январдан октябрь айын кошо алган мезгилде Кыргызстан дээрлик 608 миллионов литр бензин импорттогон. Аны берген өлкөлөр боюнча айтсак, Россия — 524,2 миллион; Казакстан — 81 миллион; Беларусь — 2,3 миллион; Өзбекстан — 141 миң литр.
Бирок, дагы бир маанилүү маалымат, Россия гана өкмөттөр аралык келишимдин негизинде, нефтини жана нефть продуктыларын бизге бажыф алымысыз (демек, арзаныраак) берет. 

Ушундан кийин кааласак-каалабасак да Алыкул акыныбыздын саптары эске түшпөй койбойт.

PS: Макала жарнамалык негизде эмес

Последние новости