www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев УКМКдан диплому жасалма делген парламентарийлердин аты-жөнүн атоону өтүндү. "ЖМКлар Жогорку Кеңештин төрт депутатынын диплому жасалма деп жазып жатат. Элди дүрбөлөңгө салбай, УКМК ошолордун атын атап койбойбу. Менин душмандарым эртең менен "Ажибаевдин диплому жасалма" деп айтып чыгыптыр. Мен беш жыл өз күчүм менен окуганмын", — деди Ажибаев.
Башкы прокуратуранын өкүлү диплом тууралуу интернетке жарыяланган кабарлар алдын ала алынган маалымат экенин, тергөөнүн купуялуулугу үчүн азырынча алардын аты аталбай турганын айтты.
Андан соң төрага Талант Мамытов бул маселени бүдөмүккө салбастан, ачык-айкын айтууну сунуштады. Баш прокуратурага протоколдук тапшырма берип, кыска аралыктын ичинде депутаттардын аты-жөнүн ачыктоону талап кылды.
Эскерте кетсек, кечээ, 15-мартта, УКМК Жогорку Кеңештин төрт депутаты жасалма диплом менен жашап келет деп шектелип жатканын билдирген.
Булак: NazarNews.kg