www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мечиттерди агартуу мекемеге айлантуу - жакшы эле демилге», - деди бүгүн, 16-мартта, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.
- Рамазан-мырза, Надира Нарматова ашыкча мечиттерди бала-бакча кылыш керек деген маселе көтөрдү эле, дароо коомчулуктун сынына кабылды. Анын көтөргөн демилгеси боюнча кандай пикирдесиз?
- Мечиттерди агартуу мекемеге айлантуу - жакшы эле демилге. Себеби, билимден пайда көп. Акыркы жылдарда мечит салгандар көбөйүп кеткен. Билим берүү тармагы өксүп, анан түрдүү көз караштагы агымдарга азгырылгандардын азабынан окубай калган балдар көбөйүп баратат.
Чынында бала окубаса, билим албаса, келечеги жокко эсе болуп калат. Билимсиз жаш балдардын болушу мамлекет үчүн уят. Кандай болгон күндө да мындай маселелер чогуу-чаран чечилиш керек. Ошондой эле, эч кимдин укугу бузулбашы керек.
Булак: NazarNews.kg