www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштын мыйзамсыз санкцияларына карабай, Иран менен кызматташтыгын Орусия арттырат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ирандык кесиптеши Хоссейн Амир Абдуллахиан менен болгон сүйлөшүнүн жыйынтыгында билдирди.

Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдуллахиан кечээ, 15-мартта, жогорку даражалуу делегацияны баштап, жумуш сапары менен Москвага келип, орус кесиптеши Сергей Лавров менен жолуккан.

“Биз соода-экономикалык кызматташтыкка чоң көңүл бурдук, мыйзамсыз санкцияларга карабастан, соода алмашуунун туруктуу өсүүсүн белгиледик, коронавирустук пандемияга карабастан, өткөн жылы ал дээрлик 82%га өсүп, 4 миллиард доллардан ашты. Биз муну менен токтоп калбай, ишкердик байланыштарды арттырууну макулдаштык”. Биз муну министр (Хоссейн Амир Абдуллахиан) менен ырастап, эч кандай мыйзамсыз санкциялар биздин алдыга жылышыбызга тоскоол болбойт деп ишенебиз”, - деди Лавров.

Ал АКШдан салынган санкциялар Орусия-Иран кызматташуусуна таасир этпейт деген кат жүзүндө кепилдик алганын кошумчалады. Лавров, ошондой эле, Ирандын ТИМ башчысы Хосейн Амир Абдоллахиандын Тегеранга келип кетүү чакырыгын кабыл алганын билдирди. “Министр Тегеранга жооп иретинде келип кетүүгө чакырды. Чакыруу кабыл алынды. Даталарды жакын арада макулдашабыз", -  деп кошумчалады Лавров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости