www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талант Мамытов кайрадан ЖКнын төрагасы болобу?

"Ынтымак" фракциясы Жогорку Кеңештин төрагалыгына Талант Мамытовдун талапкерлигин сунуштайт. Бул тууралуу депутат өзү журналисттер менен курган маегинде билдирди.

"Алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча фракциянын атынан төрагалыкка менин талапкерлигимди көрсөтүүгө токтолушту. Бирок бул расмий чечим эмес", — деди Мамытов.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары мандат алып, ант берип расмий түрдө кызматка киришти. Учурда жыйынга эң улуу депутат Шарапаткан Мажитова төрайымдык кылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости