www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблея (КМШ ПАА) Кеңешинин онлайн-конференциясына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин парламенттик делегация башчылары, КМШнын жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да болду.
КМШ ПАА Кеңешинин жыйынында экономикалык интеграциянын абалы, келечеги жана аны укуктук-ченемдик камсыздоо, COVID-19 пандемиясына байланыштуу КМШга мүчө мамлекеттерде кабыл алынган мыйзамдык чаралар, 2021-жылы КМШга мүчө өлкөлөрдө өтүүчү шайлоолорго байкоо салуу өнөктүгүнө даярдык көрүү маселелери каралды.
Өз кезегинде Мамытов ушул жылдын октябрь айында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына карата коомчулуктун нааразычылыгына байланыштуу болуп өткөн окуялар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Кыргызстандагы бардык жараяндар мыйзам жолунда кетип жатканын белгилеген Жогорку Кеңештин Төрагасы, мамлекеттик бийлик институттарынын иши токтотулбастан, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү менен калктын жашоосун жакшыртуу аракети улантылып жатканын кошумчалады.
Андан тышкары, 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоо өтөөрү тууралуу маалымат берген Талант Мамытов андан кийин Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо мерчемделип жатканын билдирди. Муну менен катар боло турчу аталган шайлоолордогу даярдык жана өткөрүү маселелерине эл аралык байкоочу катары КМШ ПААнын делегациясын катышып кетүүгө чакырды.
Ал эми Маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча КМШ ПААнын туруктуу комиссиясы Кеңештин жыйынына Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгын адабият таануучу, жазуучу, Беларусь Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, Беларусь Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор Владимир Гниломедовго ыйгаруу сунушун киргизди.
Кеңеш Владимир Гниломедовдун талапкерлигин колдоп, пандемиялык кырдаалды эске алуу менен абал турукташкандан кийин сыйлыкты жеке өзүнө салтанаттуу түрдө тапшыруу чечимине келишти.
Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгын уюштуруу тууралуу демилгеси үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле аталган демилге бардык элдерди чыгармасы менен бириктирген улуу жазуучуну эскерип туруу багытында Ассамблея тарабынан жасалган маанилүү кадам болгонун белгилешти
Булак: NazarNews.kg