www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-министр Талантбек Узакбаев учурдагы айыл чарба тууралуу пикирин айтты. 

-- Талантбек мырза, ушул тапта айыл-чарба маселеси кандай болуп жатат, мамлекеттен кабар алган жан барбы? 

-- Айыл чарбасы учурда өтө оор акыбалда. Дегеле, айыл чарбасында жеңил учур тарыхта болгон эмес. Философтор «бытие определяет сознание» («ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет») демекчи, баары келип эле каражатка такалат.

Жеңилдетилген деп 8-10 пайыздан насыя берүү - дыйкан, фермерге эч жеңилдик бере албайт. Алар жалаң банктын акчасын үстөгү менен кайрып берүү үчүн болгон күчүн жумшап калат. Ал башыбыздан өткөн - төгө албасыбызга көз жеткенде алган малдан тышкары мүлктөрдөн, айыл чарбага деп сатып алган жерлерден кайра сатып, андан түшкөн акчаны төгүп, кредитти эптеп жаап бергенбиз.

Азыр дыйкан, фермерлер насыя алып мал баккандан коркуп калдык: ал өзүн актабайт, зыянга учурап калат. Мен билгенден канчалаган мал бордогон фермерлер ал иштен баш тартышты. Алардын ичинде биз дагы барбыз. «Биз дагы» дегеним – мен бир туугандарым, балдарым менен бирге иш кылабыз.

Айтайын дегеним, өлкөнү, элди стабилдүү түрдө эт, сүт, сары май, жумуртка азыктары менен камсыз кылуу үчүн дыйкан, фермерлерге жеңилдетилген насыя эмес, эч кандай пайызы жок карыз акча берүү зарыл.

-- Элди жакырчылыктан чыгаруу көйгөйүнөн кандай арылсак болот?

-- Туура, «кээде каражатты колунда барлар эле көп алып коюп жатышат» деген тескери пикир бар. Бул пикир түбү туура эмес. Себеби, ар бир берилген каражаттын өзүнүн багыты болуусу керек. Мисалы, чоң фермерлер, дыйкандар, мал бордогондор чоң каражатка муктаж - алар заманбап техникаларды, технологияларды, кымбат уруктарды, малдарды алыш керек. Аларды колдоп, жардам берип, өнүктүрбөсөк, азык-түлүк коопсуздугу келип чыгышы - турган иш. Мына, учурда, базар, дүкөндөрдө эт азыгы азайганы даана эле байкалып турат.

Ал эми экинчи маселе болсо - бул элди жакырчылыктан чыгаруу маселеси. Буга такыр башкача көз караш болуш керек. Аларга мамлекеттен жеңил жана алына жараша каржы берсе болот. Анан, «баарың бирдей аласың» деп туруп эле жүз миң сомдон бөлүштүрүп коюу - бул айыл чарбасынын саясаты болбош керек.

Дегеле, кайсыл тармак болбосун, акча конкреттүү проектке берилгени туура болот. Мамлекет комбанктар менен сүйлөшүп, алардын насыясынын пайызын субцидиялап, каражаттарын пайдаланса, көп каражат табылаар эле. Башка өлкөлөрдөй дотация бере албаса, субцидияга каражат тапса болот. Андай жолго барбасак, 8-12 пайыздан кредит алуу менен чарбаларды көтөрүш мүмкүн эмес, сыйкырчы эле болуп кетпесек. 

Бул маселени өкмөт башчы Акылбек Үсөнбекович ийне-жибине чейин түшүнөт, көтөрүлгөн көйгөйгө көңүл бурат деп ишенем.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости