www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Орегон штатында “Күйөөңдү кантип өлтүрүш керек” деген эссе жазган жазуучу аял чынында эле күйөөсүн өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды. Төрт жылга созулган иликтөөдөн кийин соттор 71 жаштагы жазуучу Нэнси Крэмптон-Брофи өзүнүн 63 жаштагы күйөөсүн атып өлтүргөнүн аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, америкалык жазуучу, "Кантип күйөөңдү өлтүрүүгө болот" деген эссенин автору Нэнси Крамптон Брофи күйөөсүн өлтүргөн деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылды. 71 жаштагы Брофи 25 жыл абакта отургандан кийин өкүм боюнча даттана алат. Айыптоочу тарап жубайлар каржылык жактан кыйналып, жазуучу камсыздандыруу акчасы үчүн күйөөсүн өлтүргөн деген бүтүм чыгарган.
Бирок жазуучу өз күнөөсүн моюнуна алган эмес.
Белгилей кетсек, жазуучунун күйөөсүнүн жансыз денеси 2018-жылдын июнь айында АКШнын Орегон штатындагы Портленд шаарында жайгашкан кулинардык институттун ашканасында октон жаракат алган абалда табылган. 63 жаштагы жаранды өлтүргөнгө шектүүлөр табылган эмес. 3 айга созулган тергөөдөн кийин анын жубайы Нэнси Брофи киши өлтүрүүгө шектелип кармалган.
2011-жылы жазуучу интернетке "Кантип күйөөңдү өлтүрүүгө болот" деген тамашалуу эссесин жарыялап, анда мындай кылмышка баруунун мүмкүн болгон мотивдерин жана изин жашыруу жолдорун айтып берген.
Булак: NazarNews.kg