www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясат болсо биз баарын унутуп, бир гана ошону менен алек болуп калат экенбиз. Мындай пикирин мурдагы министр Таланбек Узакбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Негизи Кыргызстандын эли өтө саясатташып кеттик окшойт. Саясат болсо биз баарын унутуп, бир гана ошону менен алек болуп калат экенбиз. Учурда баарыбыз шайлоо менен алек болуп, көмүрдү, азык-түлүктү, солярканы, бензинди, светти, деги койчу баарын унутуп койдук.

Ал көйгөйлөрдү айткан дагы, эстеген дагы жан жоктой.

Ошондуктан менин сунушум, шайлоону жокко чыгарып, мыйзам боюнча кайра шайлоо жарыялап, шашпай эки айдан кийин өткөрүп алалы. Ал өткөндөн кийин дагы бир ай чырдашсак акырыыын кыш өзү деле өтүп кеткидей.

Ошондо көмүрү жок эле, тамак аштын кымбаттыгы жөнүндө сөз кылбай эле, свет өчкөнүнө көңүл бурбай эле, бийликтин башын оорутпай эле жазга тынч кирип кеткидейбиз. Бизде саясат тамакты, көмүрдү, светти, кымбатчылыкты, дегеле бардык маселени чечип берчүдөй. Ушул жагдайга бийлик көңүл буруп, пайдаланса болгудай дегеним», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости