www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттардын баары талапкер кезинде берген убадаларын аткарса гана, атаганат! «Талапкер кезинде баары жакшы, жаман депутат кайдан чыгат?» - дегендей, талапкердин айткандарын уккан шайлоочулар эртең «кой үстүндө торгой жумурткалай турган заманга» бара тургандай.
«Ишеним» партиясы бийликтин ишенимин четке кага баштады. Ал партиядан депутаттыкка талапкерлер үгүт иштерин туура эмес жүргүзүп жатат деп 7 арыз түштү. Парламенттик шайлоодо фавориттер катарына кирген «Ишеним» президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик кызматкерлерине үгүт иштерине катышууга болбойт деп айтканын четке кага баштагандай.
Округдук шайлоо комиссиясынын төрайымы Гүлиза Сапарованын айтканына караганда, арыздар көп. Ал билдиргендин эң башкысы - «Ишеним» азыркы мыйзамдарга каршы административдик ресурска көбүрөөк басым жасаганы айгине болду, партия социалдык тармактарды өз пайдасына колдонууда.
«Ишеним» партиясы боюнча депутаттыкка талапкер, тизмеде №23 болуп катталган Умарбеков Шерзодбек Абдурашитович Сузак айылдык кеңешинде депутат. Умарбеков административдик ресурсту терең колдонуу менен өз иниси, айыл өкмөт башчысын үгүт иштери учурунда дайым жанына алып жүрөт. Бул тууралуу билдирүүлөр БШКга да жетти.
Андан тышкары, мыйзамсыз баннерлерди колдонуп жатканы тууралуу талапкердин ишенимдүү өкүлү Икрамбек Тазабековдон да БШКга билдирүлөр келип түшкөн. Ал арыздар арасында - «Ишеним» партиясы окуучуларды да сатып алып, окуу каражаттарын таратып жана кээ майыптарга коляскасына берип жатканы айтылат.
«Ишеним» партиясы Ош облусундагылардын да ишенимине толбоптур. Деги «Ишеним» партиясынын таянганы ким? Көрсө бул партия Баткен облусун өкчөп, «өзү бий, өзү хан» болуп турган экс-депутат Бурканов Арзыбектин арзуусуна татыган партия деген создөр да тарады. Бурканов азыркы бийликти жаманатты кылып, түз эле административдик ресурс менен шайлоодон «Ишеним» партиясын өткөзүүгө чамынгандай.
Баткенди көп жылдан бери шопурлар тейлеп калган. Атамбаевдин шопуру, баткендик Икрам Илмияновдон соң, ушул тапта Баткенди таптап, акактатып турган шопур Маруфжон-ака бүгүн Баткен администрациясын өзү тейлеген экинин бири деген кеп бар.
Учурунда Маруфжон-ака КамАЗ айдап, шопур болгону менен, бул күндө «Ишенимди» ишенимдүү жөлөгөн, майга талкан көөлөгөн, эмитен мен депутатмын деп добулбас кагып турган Мамыржон Рахимовдун жөлөгү менен Баткенди алаканына салып турган «монстр».
Мамыржон Рахимов болсо кайберендин канын касам кылып ичкен Буркановдун антташ досу. Мына, арифметика! Баткенден булар камчы салдырбас, ал эми Ош облусунанчы? Мынчалаган арыз түшкөн соң, оштуктар азыр «Ишеним» партиясын алдырып салуу үчүн аракет кылууда.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg