www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талапкерлер кафелерде үгүт иштерин жүргүзө алабы?

Президенттик шайлоого катышкан талапкерлер санитардык нормаларды сактоо менен кафелерде үгүт иштерин жүргүзсө болот. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси Адилет Шаршенбек уулу коомдук диалог учурунда билдирди.

Жыйын учурунда президенттикке талапкерлердин биринин ишенимдүү өкүлү «учурда сыртта күн суук, кафелерге эл чакырып үгүт ишин жүргүзсө болобу?» деп сурады.

«Ооба, болот. Бирок кире беришке антисептик коюп, термометр менен келгендердин дене табын өлчөп, бир жарым метрлик аралыкты сактоо сыяктуу санитардык талаптар милдеттүү түрдө аткарылышы керек. Эгер бул эрежелер сакталбаса, БШКнын жумушчу тобу даттануулардын жана социалдык тармактарга чыккан далилдүү материалдардын негизинде чара көрөт», — деди Шаршенбек уулу.

Андан соң талапкердин өкүлүнүн кафеге келген адамдардын саны тууралуу суроосуна киши санына чектөө коюлбай турганын айтып, негизгиси 1,5 метрлик аралык сакталышы керектигин айтып жооп берди.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Бул жарышка 18 талапкер аттанды.

Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости