www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнүн, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин негизинде ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Боромбаев Мирлан Искакович, Жамангулов Жыргалбек Жамангулович, Калиева Клара Джакшылыковна жана Токтосун уулу Каныбек Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, алардын Талас облустук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 17-апрелинен тартып токтотулду.
Бул тууралуу маалыматты президент басма сз кызматы билдирди.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg