www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча коюлган милдеттерин ишке ашыруунун алкагында Талас облусунда электр тармактарын жаңылоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иштердин алкагында Талас облусунда жалпы 3500 даана эски фарфор изоляторлорду заманбап айнек изоляторлорго алмаштыруу пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын 1200 даанасы ийгиликтүү жаңыртылды.
Белгилей кетсек, быйылкы жылы өткөн жылга салыштырмалуу 1000 даанадан ашык кошумча изолятор алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Алмаштырылып жаткан фарфор изоляторлор негизинен 1965–1975-жылдары орнотулган эски жабдуулар болуп саналат.
Жаңы айнек изоляторлор авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтып, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Алар физикалык эскирүүгө жана сырткы таасирлерге туруктуу болгондуктан, кызмат мөөнөтү узак болуп, сынганга же толук жараксыз абалга келүүгө чейин сапаттуу иштөөнү камсыздайт.
Мындан тышкары Талас электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматынын балансында жалпы 27 аба чубалгысы бар. Кызмат тарабынан 35 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын тейлөө жана оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Учурда 11 аба чубалгысында техникалык тейлөө иштери аткарылып, 485 чакырым аралыктагы линияларда иштер бүткөрүлдү. Жалпы пландалган көлөм 934 чакырымды түзөт.
Жүргүзүлүп жаткан жаңылоо жана техникалык тейлөө иштери электр энергиясын ишенимдүү жеткирүүгө, авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга жана калкты күз-кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.