www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунда 20 тонна эсепке алынбаган унду мыйзамсыз ташып келүү аракетине бөгөт коюлду.
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, салык кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн рейддик көзөмөл учурунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден «Чоң-Капка» өткөрмө пункту аркылуу мыйзамсыз ташылып келинген ун аныкталган.
Текшерүүдө төрт жүк ташуучу унаада коштомо документтерде көрсөтүлгөн көлөм менен иш жүзүндө ташылып келген ундун көлөмү дал келбегени белгилүү болгон. Натыйжада эсепке алынбаган ундун жалпы көлөмү 20 тоннаны түзгөн.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, аныкталган товардын баасы болжол менен 800 миң сомго бааланууда.
Учурда жүк ташуучу унаалар айып короосуна киргизилип, мыйзам бузган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлүүдө.