www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында 600дөн ашуун ыктыярчы үчүн тимбилдинг иш-чарасы уюштурулду.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты ыктыярчылардын командалык иштөө жөндөмүн, лидерлик сапаттарын жана уюштуруучулук көндүмдөрүн өнүктүрүү болду.
Программага улуттук спорттук оюндар, интеллектуалдык жана командалык тапшырмалар, биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык окуулар, ошондой эле коопсуздук боюнча нускамалар кирди.
Министрликтин маалыматына караганда, ыктыярчылар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө чет өлкөлүк конокторду тосуп алуу, расмий делегацияларды коштоо, маалыматтык жана логистикалык иштерди уюштуруу, ошондой эле спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүшөт.