www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облустук жалпы ооруканасынын оңдоп-түздөө иштери 90 пайызга аяктады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оңдоп-түздөө иштеринин сметасы 3 миллион 200 миң сомду түзөт. Азыркы учурда имараттын биринчи кабатынын оңдоп-түздөө иштери 90 пайызга буткөрүлүп, сырткы жасалгалоо иштери гана калганын оорукананын директору Нурдин Усупбеков кабарлады. Буга чейин курулуш иштерине байланыштуу бейтаптарды кабыл алуу чатырларда жүргүзүлүп келген. Азыркы тапта аба-ырайынын суукташына байланыштуу кабыл алуу имараттын ичинде жүргүзүлүп баштады. Кабыл алуу бөлүмүнөн тышкары, экинчи кабаттагы балдар бөлүмүндө да оңдоо иштери жүрүүдө, ал эми хирургия жана травматология бөлүмдөрүндө демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен санитардык түйүндөр (даараткана, душ) оңдолууда. Пандемиянын экинчи толкунуна каршы туруу үчүн тиешелүү медициналык багыттагы жабдуулар менен камсыздалып, дары каражаттарынын жана жеке коргонуу каражаттарынын 3 айлык убактысы бар", - деп жазылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg