www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго Талас облусунун тургундары өзгөчө абал учурунда калктын аярлуу катмарына жардам бергени үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

"Мен Кителева Антонина Ивановна Талас шаарынын тургуну, өзүмдүн атымдан жана 94 жаштагы Сурга Елена Захаровна энемдин атынан, биз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Джумабеков Дастан Артисбековичке жана анын үй-бүлөсүнө оор кырдаалда жардам бергендиги үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Менин апам Сурга Елена Захаровна, Улуу Ата Мекендик согуштун тылда эмгектенген жана менин атам Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон.

Жумабековдордун үй-бүлөсү өз атынан Талас облусу жана Талас шаары үчүн 150 тонна ун жана керектүү азыктарды сатып алышкан.

Калктын аялуу катмарына, тагыраак айтканда, улгайган адамдарга кайрымдуулук иштери үчүн рахмат. Талас шаарынын жана Талас облусунун бардык улгайган тургундарынын атынан Жумабековдордун үй-бүлөсүнө ден-соолук, ийгилик жана бардык жакшылыктарды каалайбыз!", - деген Талас облусунун тургундары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости