www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Талас шаарындагы үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” экологиялык акциясы менен жыйынтыкташты. Алар Талас токоюнун жээктерин,  коомдук жайлардагы таштандыларды тазалашты. 

“Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Рамис Мамбеталиев ар бир жаран тазаланууну өзүнөн баштоосу керектигин айтты.

“Таза шайлоо” акциясынын негизги максаты - шайлоочуларды акчага сатылбай, татыктуусун тандап добуш берүүгө чакыруу. Муну менен бирге айланабызды тазалап, жан дүйнөбүздү аруулантып, келечектен көптү үмүттөндүргөн татыктууларын тандоого учур келди”, - деди талапкер.

Ал тазалык иштерине байланыштуу партиянын программасында тиричилик калдыктарын чогултуу жана таштандыларды кайра иштетүүчү заводдордун курулушу үчүн шарттарды түзүү каралганын кошумчалады.

Эске салсак,  “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышты. 
“Бир Бол”, №13 – Жаратман күч!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 2 - октябрь, 2020-жыл.

Последние новости