www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Исмаил Ата” фонду Талас облусуна гуманитардык жардам катары 100 тонна ун жана 3000 бет кап берди. Алар Талас облусунун 4 районуна жана Талас шаарына таратылат.
Ага кошумча, "Исмаил Матраимов" атындагы фонд Кыргызстандын региондоруна гуманитардык жүктөрдү жеткирүүнү да улантууда.
Биздин өлкө үчүн ушундай оор мезгилде көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн "Исмаил Ата" фондуна жана Матраимовдордун үй-бүлөсүнө Талас шаардык кеңешинин депутаттары Шабданов Аскар, Тимур Жумабеков жана Талас шаарынын мэри Жусупбеков Айдар ыраазычылык билдиришти.
“Исмаил Ата” фонду элди ойлойт. Талас шаарынын мэри өзүнүн биримдиги жана достугу жөнүндө сөз кылып, ал аймакка келген гуманитардык жардамдар катуу көзөмөлгө алынып, өтө муктаж үй-бүлөлөргө жөнөтүлөрүн белгиледи.
"Аларга терең ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет, бардык жардамга муктаждарга так бөлүштүрүлдү. Искендер Матраимов Исмаилович айткан сөзүнө турат жана республиканы “түштүк” менен “түндүк” деп бөлбөйт. Тескерисинче, биздин жана бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун башына түшкөн сыноолорго каршы бүтүндөй кыргыз элине жардам берип жатат. Биздин мамлекет Матраимовдордун үй-бүлөсүнө окшогон адамдарга муктаж, анткени алар элдин кызыкчылыктарын өз кызыкчылыктарынан жогору коюп, кандай гана болбосун, өлкөгө жардам берүүгө даяр",-деди Талас шаарынын мэри.
Аны менен катар Талас облусунун эли шаардык кеңештин депутаттарына, ошондой эле Талас шаарынын мэрине Талас шаарынын жана Талас облусунун жашоочуларынын жыргалчылыгы үчүн өз убагында жана мобилдүү жарандык активдүүлүгү үчүн, ошондой эле “Исмаил Ата” фондуна жана Матраимовдордун үй-бүлөсүнө терең урматтоо менен ыраазычылык билдиришет.
Эске сала кетсек, буга чейин “Исмаил Ата” фонду азык-түлүктөрдү жана медициналык бет каптарды Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында таратууга жетишкен.
Булак: NazarNews