www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта 16 гектар жер мамлекеттин эсебине кайтарып берилди

Кара-Буура райондук прокуратурасы тарабынан жеке менчикке берилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жайыт жерлер мамлекеттин гана менчиги экендигине карабастан, 2005-жылы Чолпонбай айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери жайыттан 16 гектар жер тилкесин А.Э. аттуу жаранга мыйзамсыз менчикке берип салышкан.

Аталган айыл өкмөтүнүн чечиминин негизинде, райондук кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгы тарабынан жогорудагы кыймылсыз мүлккө карата менчик укугу тууралуу акты берилип кеткен.

Бул факты боюнча айыл өкмөтүнүн жана мамкаттоо кызматынын жооптуу кызматкерлерине карата материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө.

Мыйзамсыз берилген жайыт жерди мамлекетке алуу максатында, райондук прокуратура тарабынан сотко тиешелүү доо арыздар киргизилип, алар толугу менен канааттандырылган жана жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости