www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апамды жакшы көрсөк, неге аны жерге көмүп таштадык?

Кечээ автобус менен үйгө бара жатканмын. Бир аялдамадан чамасы төрт жашар бала менен отуздан ашкан жаш жигит чыкты. Бала чыгып отурары менен атасынынбы, акесининби тизесине башын коюп ыйлай баштады. «Көпчүлүк эркелеп жаткан бала го?» деп эч ким деле анча маани берген жок. Жигит да катуу чарчагандай, туңгуюк ойго чөмүлгөн көздөрүн терезеден алаар эмес.

Бир аздан соң бала:

- Ата, ата... Сиз апамды жакшы көрөсүзбү? - деди, жеңинен тарткылап. Ушу сөздү угаары менен жигит бери бурулуп:

- Ооба, балам, катуу жакшы көрөмүн! – деди.

- Андай болсо неге аны жерге көмүп таштадык?! Эми апамды такыр көрбөйбүзбү? - деп, мурдун шуу тартып, мөлтүрөгөн көзүнөн жашын аарчыганда, автобустун ичиндегилер бир-бирибизди тиктеп селейе түштүк.

Кимдир бирөө сумкасынан конфет, дагы бирөө кичинекей оюнчук алып чыгып баланын колуна карматып, алаксыта башташты, баарынын көзүнө жаш келе түштү. Атасы үнсүз баласын катуу бооруна кысып, өзүн-өзү кармоого катуу тырышканы менен эрки жетпей, көзүнүн жашын токтото албай үшкүрүнүп, кайра терезе жакты карап телмирди. Баарыбызга берилген кыска өмүр...

Булак: OK.RU

Последние новости