www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириянын президенти Башар Асад кийинки мөөнөткө өз талапкерлигин көрсөттү. Өлкөдө 26-майда президенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал президенттик шайлоого катышкан алтынчы талапкер болду.

"Талапкерлерди каттоо 19-апрелде башталды. Азырынча президенттик шайлоого катышуу үчүн алты адам арыз берди, арасында Сириянын тарыхында биринчи жолу катталган аял талапкер да бар", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Башар Асад Сирияны 2000-жылы атасы Хафиз Асад каза болгондон бери башкарып келет. Ал 2014-жылы өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Өлкөнүн Конституциясына ылайык, Асад дагы бир жолу 7 жылдык мөөнөткө шайлана алат.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости